Кадамжайда "190 миң сомго жакын акчаны уурдады" деген шек менен бир аял кармалды
Баткендин Кадамжайында жайгашкан Халмион айылындагы «Баяман баатыр» базарындагы соода контейнеринен чоң суммадагы акча уурдаганга шектүү аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда Кадамжай РИИБинен билдиришти.
Автор: Айсана Паизова
Анда белгилүү болгондой, 2-июль күнү саат 14:30 чамасында аталган базарда соода кылган контейнерде сумкада турган 3810 сом акча жоголгон. Кылмышка шектелип Халмион айылынын тургуну Одина Шерматова кармалды.
Ал ошол эле күнү аталган базардагы соода контейнеринин биринен А.Г. аттуу соодагерге тиешелүү 3500 АКШ долларын жана 7000 сомун сумкасы менен кошо уурдап кеткен. Натыйжада жабырлануучу А.Г. материалдык жактан 189 423 сом зыян тарткан. Учурда кармалган аялдын үстүнөн кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
akzuura

23.07.2014. 09:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колу туткактан олгондо кутуласын деген чында! Колун менен жасаган ишти мойнун менен тарт Эми !
femida86

23.07.2014. 10:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укпайт деп ушак айтпа, корбойт деп уурулук кылба!
a.akylbekov

23.07.2014. 10:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми ошол Одинахан балдарын жузун кантип карайт, уят эле болбодубу? А балдары элдин жузун кантип карайт? аттин кыска ойлуулар.............
a.akylbekov түзөттү 23.07.2014 10:48
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.