super.kg logo

Американын Бостон шаарындагы жардыруу боюнча айыпталган ага-ини Царнаевдердин биринин классташы кармалды

 

2013-жылдын 15-апрелинде АКШнын Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардыруу боюнча айыпталган ага-ини Жохар жана Тамерлан Царнаевдердин жакын адамы, 21 жаштагы Стивен Силва кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июлда чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ага “баңгизат жана сериялык белгиси өчүрүлгөн курал-жарак сактоо" деген айып тагылууда. “Стивен Силва Жохар Царнаев менен мектепте бир класста окуп, андан соң Массачусетс университетинде бирге окуган” деп жазышты басылмалар.

Эскерте кетсек, "2013-жылдын 15-апрелинде Бостон шаарында өткөн марафон учурунда эки жардырууну жасаган" деп шектелип Жохар Царнаев 19-апрелде кармалган. Ал эми анын агасы Тамерлан Царнаев 18-апрелде аталган окуядан соң полиция кызматкерлери менен атышуу учурунда окко учкандыгы айтылган. Жарылуунун натыйжасында 4 адам каза болуп, 183ү жаракат алган. Мындан тышкары 2014-жылдын 2-июнунда “АКШнын Бостон шаарындагы жардырууга тиешеси бар” деп айыпталып 23 жаштагы кыргызстандык Хайрулложон Матанов колго түшүрүлгөнү боюнча маалыматтар тараган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: