super.kg logo

Өлкө боюнча январь-июнь айларында 137 зордуктоо кылмышы катталды

 
2014-жылдын 6 ай аралыгында зордуктоолордун саны 137ге барабар болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 22,6 пайызга азайды. 2013-жылы январь-июнь аралыгында 177 зордуктоо кылмышы катталган. Үстүбүздөгү жылда зордуктоо кылмышынын бетин ачуу 98 пайызга барабар болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн мезгилде атайылап ден соолукка зыян келтирүүнүн саны да кыскарган. 2013-жылы 6 ай ичинде көрсөткүч 135 болсо, бул жылы 117ге барабар болгон. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө атайылап ден соолукка зыян келтирүүлөрдүн 95 пайызынын бети ачылган. Ал эми бейбаштык менен кол салуу Бишкек шаарында, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Талас облустарында өскөн. Фактылар боюнча иш алып барылып, 89,4 пайыз кылмыштын бети ачылган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: