Экс-мэр Иса Өмүркулов сот отурумунда акыркы сөзүн айтты

Экс-мэр Иса Өмүркулов сот отурумунда акыркы сөзүн айтты. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан билдиришти.
Маалыматтарга караганда, бүгүнкү сот отурумунда Иса Өмүркулов акыркы сөзүн айтып, ага тагылган айыптоолор далилденбегендигин жана эч кандай күнөөсү жок экендигин белгилеп өткөн. Бирок бул иш боюнча чечим чыгаруу 1-августка жылдырылды.
Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери Дүйшөнбиев, Тезекбаев, Абдыкаров, Кадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп күнөөлөнүшүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
калп эле түрмөдө деген сөздөрү болбосо, курорттоп эле жүрүшөт да
Баса Батукаевдин ден Соолугу жакшы бекен биздин соттор катташып турушат го:)