Футбол боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстандын чемпиону аныкталды

1-ноябрда Кантта футбол боюнча кыз-келиндер арасында өтүп жаткан Өлкө чемпиондугунда жергиликтүү "Абдыш-Ата" бишкектик "КРФФ ФБ" командасын (КРнын Футбол федерациясынын Футболдук борбору) кабыл алды. Эгер оюнда мелдештин көч башында бараткан үй ээлери жеңилбесе чемпион болмок. Айыгышкан беттеште "Абдыш-Ата" мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай 0:0 эсебинде тең чыгып, баарынан көп упайга ээ болуу менен чемпион аталды. Беттештен кийин чемпиондорду сыйлоо салтанаты уюштурулду. Бул чемпиондук "Абдыш-Атанын" кыз-келиндери биринчи жеңиш экенин КРнын Футбол федерациясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Автор: Базарбек Абдураимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.