super.kg logo

Нарын шаарына досунукуна барган жаран дайынсыз жоголууда

 

Нарын шаарына досунукуна барган жаран дайынсыз жоголууда. Бул тууралуу Нарын ОИИБинен бүгүн, 23-июлда кабарлашты.

Маалыматтарга караганда, Чүй облусунун Маевка айылынын тургуну Кадыров Нуркалый Жусупович 12-июль күнү Нарын шаарындагы теңтушунукуна барган. Ал жерде түнөп, эртеси чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан Кадыров Нуркалыйды табуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары 17-июлдан бери улантылууда. 

Белгилери: Бою - 170-175 сантиметр, төбөсүндө чачы жок, чап жаак, өңү кара тору, мурду кырдач, эриндери орточо. Кийген кийимдери: Башында боз кепка, үстүндө көк спорттук кийим, боз шым, капталында чөнтөгү бар, бутунда күрөң жайкы бут кийим.

Милиция кызматкерлери жогорудагы адамды көргөн-билгендер болсо, төмөндөгү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт.

 

Нарын ШИИБи: 102, (03522) 5-09-08, 5-16-38, (0773) 59-12-42.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
24.07.2014. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Досу билсе керек...
26.07.2014. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
досу атайын чакырган болуш керек,ортолорунда бир нерсе бар го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: