super.kg logo

Кудайберген Базарбаев: "Социалдык өнүгүү министрлиги калкты социалдык жактан тейлеген жалгыз мекеме болуп саналат"

 

Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев ЮСАИДдин массалык маалымат каражаттары жана жарандык коомчулук бөлүмүнүн башчысы Клер Эхман менен жолугушууда мамлекеттик социалдык буюртмалар аркылуу көрсөтүлүп жаткан кызматтардын сапатын жакшыртууга көп көңүл буруп жатканын айтты. Бул тууралуу 23-июлда аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Министрдин айтымында, 2009-жылдан 2012-жылга чейин мамлекеттик социалдык буюртмалар аркылуу 137 долбоор ишке ашырылган. Аймактар боюнча 4 миңдей жаран социалдык тейлөө менен камсыз болгон. Алардын 72 пайызы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер болсо, 24 пайызы кыйынчылыкка туш болгон балдар. 

2008-жылы "Мамлекеттик социалдык буюртма жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Азыркы тапта министрлик калкты социалдык жактан тейлеген жалгыз мекеме болуп саналат.  

Өз кезинде Клер Эхман мамлекеттик буюртма тармагында реформа жүргүзүлгөндүгүнө ыраазычылык билдирип: "Сиздердин тажрыйбаңыздарды үйрөнүп, башка өлкөлөргө жайылтуу максатында Кыргызстанга келди",- деди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: