super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр жеке менчикке өткөн бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди

 

КРнын Вице-премьер-министри Эльвира Сариева 23-июлда мектепке чейинки билим берүү жайларын кайтарып алуу жана баштапкы багыты боюнча киргизүү боюнча чогулуш өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Эльвира Сариева өлкө боюнча 1504 бала бакча бар экенин жана алардын 361и мамлекеттин менчиги, 859у муниципалдык, 284ү жеке менчик катары иш алып барып жатканын айтты. 

"Эгемендүүлүк жылдарында 39 бакча курулган. Көпчүлүк бала бакчалар иштебейт, көпчүлүгүнүн имараттары коммерциялык максатта колдонулуп жатат. Мектепке чейинки билим берүүчү мекемелерди кайтарып алуу боюнча аракеттерди күчөтүү керек",- деди ал. 

Жыйындын соңунда өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик мүлк фондуна жана Каржы министрлигине аталган маселени жөнгө салуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: