Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 10-орунду ээледи



"Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын биринчи күнүндө Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи.

"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 76 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе.

"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 73 упай алган украиналык ырчы Виктория Петрик.

"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 73 упай алган казакстандык ырчы Алишер Каримов.

"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 73 упай алган украиналык ырчы Вячеслав Рыбиков.

"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 72 упай алган орусиялык ырчы Нодар Ревия.

"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүнүн көрсөткүчү.
23-июлдан 24-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын биринчи күнүндө катышуучулар дүйнөлүк хит ырларын аткарышты. Сынактын биринчи күнүнүн көрсөткүчүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Катышуучулардын таланттарына Игорь Крутой баш болгон калыстар тобу баа беришти. Алардын катарында Леонид Агутин, Лайма Вайкуле, Филипп Киркоров, Игорь Николаев, Валерий Меладзе жана Константин Меладзе бар. Катышуучуларга калыстардын ар бири максималдуу 11 упай бере алышат. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан топко көпчүлүгү 8 упай берсе, ага-ини Меладзелер 10 упайдан беришти.
Ал эми биринчи орунду 76 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе ээледи. Экинчи орунга 73 упай алган үч ырчы: украиналык Виктория Петрик менен Вячеслав Рыбиков жана казакстандык Алишер Каримов ээ болушту. Үчүнчү орунда 72 упай менен Орусиянын атынан катышып жаткан Нодар Ревия келе жатат.
Сынактын ачылыш аземинде орун алган чүчү кулактын жыйынтыгында кыргызстандык "Style Mix" триосу биринчи болуп сахнага чыгары белгилүү болгон. "Style Mix" триосунан башка 3-номур менен сахнага чыгып Германиянын намысын коргогон Гледис Дамарис да 61 упай алган. Бул биринчи эле күндүн жыйынтыгы. Алдыда дагы эки конкурстук күн бар. Анда катышуучулар өз өлкөсүнүн хит ырларын жана жаңы чыгарылган ырларды аткарышат. Мекендештерибиздин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар.
22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда.
Жаңы толкун-2014: "Style Mix" Кыргызстан (24.07.14)
"Жаңы толкун-2014" - Нуца Бузаладзе
"Жаңы толкун-2014" - Виктория Петрик (Украина)
"Жаңы толкун-2014" - Вячеслав Рыбиков (Украина)
"Жаңы толкун -2014" - Алишер Каримов (Казакстан)
"Жаңы толкун-2014" - Нодар Ревия (Орусия)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Жүктөлгөн:
http://www.super.kg/media/uservideo/124046/
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
Bizdin gruppa maga abdan jakty, bolgonu eki jigitibizdin okshosh kiyinip algany jakkan jok i kiyingen kiyimderi da nachar, eski moda...
Emi bul konkursta albette orustar ozdoruno tartat, ukrainadagy abaldy ozubuz biliebiz, demek ukrainaga da koshumcha + dar berilet, gruziaga menen meladzelerdi bailanyshtyrsak bolot, anan dagy bul konkurs sayasattashkan konkurs..latviyada orus tilin karmap turuu deg
http://www.super.kg/media/useraudio/93135/