super.kg logo

Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу "Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 10-орунду ээледи

 
"Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын биринчи күнүндө Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи.
"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 76 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе.
"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 73 упай алган украиналык ырчы Виктория Петрик.
"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 73 упай алган казакстандык ырчы Алишер Каримов.
"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 73 упай алган украиналык ырчы Вячеслав Рыбиков.
"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүндө 72 упай алган орусиялык ырчы Нодар Ревия.
"Жаңы толкун" сынагынын биринчи күнүнүн көрсөткүчү.
23-июлдан 24-июлга караган түнү Латвиянын Юрмала шаарында "Жаңы толкун" Эл аралык сынагынын биринчи күнүндө катышуучулар дүйнөлүк хит ырларын аткарышты. Сынактын биринчи күнүнүн көрсөткүчүнүн жыйынтыгында Кыргызстандын атынан катышып жаткан "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи.
Катышуучулардын таланттарына Игорь Крутой баш болгон калыстар тобу баа беришти. Алардын катарында Леонид Агутин, Лайма Вайкуле, Филипп Киркоров, Игорь Николаев, Валерий Меладзе жана Константин Меладзе бар. Катышуучуларга калыстардын ар бири максималдуу 11 упай бере алышат. Кыргызстандын намысын коргоп жаткан топко көпчүлүгү 8 упай берсе, ага-ини Меладзелер 10 упайдан беришти.  
Ал эми биринчи орунду 76 упай алган грузиялык ырчы Нуца Бузаладзе ээледи. Экинчи орунга 73 упай алган үч ырчы: украиналык Виктория Петрик менен Вячеслав Рыбиков жана казакстандык Алишер Каримов ээ болушту. Үчүнчү орунда 72 упай менен Орусиянын атынан катышып жаткан Нодар Ревия келе жатат. 
Сынактын ачылыш аземинде орун алган чүчү кулактын жыйынтыгында кыргызстандык "Style Mix" триосу биринчи болуп сахнага чыгары белгилүү болгон. "Style Mix" триосунан башка 3-номур менен сахнага чыгып Германиянын намысын коргогон Гледис Дамарис да 61 упай алган. Бул биринчи эле күндүн жыйынтыгы. Алдыда дагы эки конкурстук күн бар. Анда катышуучулар өз өлкөсүнүн хит ырларын жана жаңы чыгарылган ырларды аткарышат. Мекендештерибиздин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. 
22-июлда старт алган "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында Кыргызстан, Орусия, Украина, Армения, Литва, Казакстан, Италия, Грузия, Германия жана Латвия мамлекеттеринен келген 16 жаш аткаруучу ат салышууда.





Жаңы толкун-2014: "Style Mix" Кыргызстан (24.07.14)

"Жаңы толкун-2014" - Нуца Бузаладзе

"Жаңы толкун-2014" - Виктория Петрик (Украина)

"Жаңы толкун-2014" - Вячеслав Рыбиков (Украина)

"Жаңы толкун -2014" - Алишер Каримов (Казакстан)

"Жаңы толкун-2014" - Нодар Ревия (Орусия)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(53)
Медиа-портал
24.07.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырдашыптыр,ийгилик.
Медиа-портал
24.07.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы эле ырдашыптыр. Бирок кыз бир-эки жерден тондон чыгып кеткени жаман болду да.
24.07.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ийгилик каалайбыз! Биринчи чыкан учунбу ??? Бир аз сурдоп кетиштиби??? Бирок мыкты ырдашты ! Азаматтар!
24.07.2014. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!
24.07.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
16 катышуучудан 16-орунбу? (((((((
24.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka, вай вай((((((
Медиа-портал
24.07.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
толкунданып кетишти окшойт, репетицияда сооонун ырдап атышты эле. тем более биринчи ырдагандарга жюрилер строгийрээк болот да. Ийгилик, жениш менен кутобуз.
24.07.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
песню неудачную выбрали, точнее легкую
LIVER түзөттү 24.07.2014 10:41
24.07.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 4y orynby je 16 4i orynby
24.07.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sema., "Style Mix" триосу 61 упай менен 10-орунду ээледи. Алгач 16 катышуучунун көрсөткүчү менен жазылгандыктан 16-орун деп берилген. Маалымат такталды. Жалпы жыйынтыкты тиркелген таблицадан көрсөңүз болот.
24.07.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азаматтар. Эн соонун ырдаптыр.
24.07.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик !!!
24.07.2014. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
10 алабы 16 алабы Кыргызстанымын атын чыгарып келгени кубандырды
24.07.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Azyrky chygyp jatkan ur "Happy" degen yrdy urdasa jakwy bolmok ele...
24.07.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга,алга,алга.
Медиа-портал
24.07.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
меладзелер по 10 баллов и крутойго 9 баллов бизден респект
24.07.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Грузинден барган кыз кучтуу экен. анын жанында биздики :-(. хотябы 4-5 орун алышса жакшы болот эле.
24.07.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4-5ке совсем шанс жок нени айтып жатасын
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: