Талас-Бишкек жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, 2 адам каза тапты
Талас-Бишкек жолунда жүк ташуучу унаа оодарылып, 2 адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 24-июлда билдирди.
Маалым болгондой, Талас районунун Талды-Булак айылында 2014-жылдын 23-июль күнү саат 05:25те Талас-Бишкек унаа жолунун 66-чакырымында КамАЗ автоунаасы оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон.
Кырсык болгон жерге КРнын ӨКМнын 101-өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдарды унаанын ичинен чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.