super.kg logo

Эртең чет өлкөдө ийгиликке жеткен кыргызстандыктардын катышуусунда “Мекендештер” форуму өтөт

 
2012-жылдын 2-3-августунда Кыргызстандын борбор шаарында өткөн кыргызстандыктардын биринчи «Мекендештер» форумунан көрүнүш.

25-26-июль күндөрү Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Мекендештер-2014: Кыргызстандын келечегине салым кошуу” аталышында форуму өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган форумда 20 мамлекеттен 200дөн ашуун адам катышат. Алардын арасында жеке ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият тармактарынын өкүлдөрү жана студенттер бар. Иш-чаранын негизги максаты чет өлкөдөгү мекендештер менен таанышып, алардын тажрыйбасы менен бөлүшүү жана өз ара пикир алышуу болуп саналат.

Мурдагы президент Роза Отунбаева негиздеген «Роза Отунбаева демилгеси» Эл аралык коомдук фонду жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 2-3-августунда Кыргызстандын борбор шаарында кыргызстандыктардын биринчи «Мекендештер» форуму өткөрүлүп, ага дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген кыргызстандыктар жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышышкан. 

Эки жыл мурун өткөн форумдун алкагында Улуттук филармонияда концерт өтүп, анда эл аралык сынактардын лауреаты, пианист Азамат Сыдыков жана скрипка чеберлери Райхан менен Андреас Айзенхуддар классикалык чыгармаларын аткарышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: