super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандыктар ийгилик жаратып келген жаштардын Жайкы Олимпиадасында быйыл өлкө намысын 7 спортчу коргойт

 
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Кадырбек Эргешов

16-28-август күндөрү Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштардын Жайкы Олимпиадасына бара турган Кыргызстандын курамы белгилүү болду. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы Кадырбек Эргешов бүгүн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, бул жолку Олимпиадага ат оюндары боюнча Игорь Козубаев, каноэ жана байдарка менен жарышууда Кирилл Бондарь, оор атлетикадан Курсант Төлөнов, ок атуудан Дмитрий Гутник, дзюдодон Ростислав Дашков жана беш түрлүү айкалышкан спорттон Валерия Уварова менен Родион Хрипченко катышышат.

"Улуттук Олимпиада комитети азыркы убакта делегацияга сарпталчу жалпы каражат маселесин чечүү аракетинде. Ал эми спортчулардын кийимине Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги 700 миң сом бөлүп берди",- деди Эргешов.

Маалым болгондой, бул Олимпиадада 1-орун алган спортчуга 1 миллион сом, 2-орунга 500 миң жана 3-орун үчүн 250 миң сом берилет. Алардын машыктыруучуларына бул сумманын 25 пайызы каралган.

Айта кетсек, оюндар 14-18 жаштагы спортчулар арасында 4 жылда бир өтөт. Алгачкы оюндар 2010-жылы Сингапурда өткөн. Анда Урмат Аматов грек-рим күрөшү боюнча алтын, Шадыбек Сулайманов коло жана дзюдо боюнча Болот Токтогонов да коло байге уткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
24.07.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!! Келечек жаштардын колунда......!!
24.07.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой энеее дагы Жакшы бир Кыргызды алып алышыптыр уят деп !!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: