super.kg logo
  Спорт  

Түштүк Кореяда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 80ге чукул спортчу катышат

 

Түштүк Кореянын Инчхон шаарында 19-сентябрдан 4-октябрга чейин өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандын атынан 19 спорт түрүнөн 80ге чукул спортчу катышат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда маалымат жыйынында Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Кадырбек Эргешов билдирди.

“Азыркы учурда улуттук курамдын мүчөлөрү кызуу даярдык көрүп жатышат. Негизги курамды азырынча так аныктай элекпиз. Мунун үстүнөн иштеп жатабыз”,- деди К.Эргешов.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясына 30 машыктыруучу, Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жана Улуттук Олимпиада комитетинин мүчөлөрү кирди.

Азия оюндарынан 1-орун алган спортчуга 1 миллион 250 миң сом, 2-орун үчүн 750 миң жана коло байге ээсине 500 миң сом мамлекет тарабынан сыйлык берилет. Алардын машыктыруучуларына бул сумманын 25 пайызы каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.07.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Инчондо болот экен да.
24.07.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барган 80 адамдын кончасы калып кетет екен бул жолкосунда
25.07.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: