super.kg logo
  Саясат  

Айыл чарба министрлигине кант кызылчасы, жүгөрү жана көп жылдык тоют чөптөрүн сугаттан өткөрүү милдети тапшырылды

 

Бүгүн, 24-июлда биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Чүй облусундагы сугат суунун жетишсиздиги маселеси боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Сарпашев белгилегендей, суунун тартыштыгына байланыштуу суунун агып кириши өткөн жылга салыштырмалуу 25-30 пайызга азайган. “Сугат сууга карата чоң муктаждык июнь жана июль айларында орун алды. Учурда сугат сууга карата тартыштык маселеси акырындык менен жөнгө салынууда. Бирок ага карабастан, дагы да болсо суунун тартыштыгы маселеси бар жана Орто-Токой суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайып кеткендигине байланыштуу дагы 2 жума бою мурда аныкталган чек алкагында суу берип туруу зарыл. Эң ириде сугат суу менен Жайыл жана Панфилов райондору камсыздалууга тийиш”,- дейт Сарпашев.

Сарпашев Айыл чарба жана мелиорация министрлигине эң ириде кант кызылчасы, жүгөрү жана көп жылдык тоют чөптөрүн сугаттан өткөрүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: