Бүгүн белгилүү публицист Алым Токтомушев 67 жаш курагында дүйнө салды

Бүгүн, 24-июлда белгилүү публицист Алым Токтомушев 67 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун жакындары билдиришти.
Алым Токтомушев Мелис Эшимканов менен кыргыз журналистикасында узак жылдар чогуу иштеген. Ал 1990-жылдардан тартып бир топ эркин басылмаларда аналитика жанрында эмгектенген. Анын “Эски дептер”, “Жолдогулар” деген ыр жыйнактары жана “Салижан Жигитовдун сабактары” аттуу публицистикалык китеби коомчулукка кеңири тараган. Алым Токтомушев 1947-жылы Жумгал районунун Кайырма айылында төрөлгөн.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты публицист Алым Токтомушевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
senmen

24.07.2014. 19:40
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайын жанаттан болсун! Кыргыз журналистикасына озгочо чыйыр салган, аналитикалык маалыматы эн мыкты жазган асыл киши эле кайран Алыке!
bessmertnyi

24.07.2014. 22:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эх Алыке! Жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун! Алыке менен бир ирет учрашкан элем. Менин лекциконума "МАСЕЛЕН" деген соз так ушул Алыкенин жазгандарынан улам кирген эле. "МАСЕЛЕН" деген созду коп колдончу эле.
insap

25.07.2014. 09:02
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшыны да жаманды да, шылуунду да байкушту да ичер суусу, көрөр күнү бүткөндө бир дакыйка калтырбай ала турган ажал...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.