super.kg logo

Кыргызстан чет өлкөлүк National Geographic порталынын "Эс алуу менен ден соолукту чыңдоо" наамына көрсөтүлүп, алдынкы орунда келе жатат

 

Кыргызстан чет өлкөлүк порталдын "National Geographic Traveler Awards-2014" сынагынын с алуу менен ден соолукту чыңдоо" номинациясына көрсөтүлүп, алдынкы орунда келе жатат. 91,04 пайыз менен биринчи орунда келе жаткан Кыргызстандан кийинки орунда 4,5 пайыз менен Израиль турат. Андан кийин Венгрия, Исландия, Словения жана Түштүк Корея турат. 

National Geographic порталында белгиленгендей, Ысык-Көл, бийик тоого чыгуу, кымыз менен дарылоо жана башка ушул сыяктуу өзгөчөлүктөр чет өлкөлүк туристтердин келишине өбөлгө түзөт. 

КМШ өлкөлөрү13 аймактык номинациянын үчөөсүнө көрсөтүлүшкөн. "СССРге кайра баруу" номинациясында Беларусь мамлекети лидерликте болсо, "Жылдын ачылышы" наамына көрсөтүлгөн Азербайжан мамлекети алдынкы үчилтикке кирген. "Орусия туризми" наамы боюнча Тоолуу Алтай алдынкы орунда болуп, Иркутск облусун артка калтырган. 

Чет өлкөлөр арасында "Мыкты кум жээктеги эс алуу" наамында Греция алдыда келе жатса, "Экзотикалык эс алуу" наамы боюнча Куба мамлекети биринчиликте турат.

Саякаттар тууралуу блог, сүрөт, макалалар жайгашкан порталдын наамы интернет айдыңындагы алдынкы сыйлыктардын бири болуп саналат. 

"National Geographic Traveler Awards" сынагы "National Geographic Traveler" журналы тарабынан жыл сайын өткөрүлөт. 2014-жылдын 25-июнунан 30-сентябрына чейин колдонуучулар 18 наам боюнча көрсөтүлгөн туристтик жайларды тандап алышат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.07.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо. Кубанычтуу. Колдун кадырын билбей булгайбызда биз
24.07.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
91,04 чындыгында башкалар жетишине коп бар, ишениш кыйын Баары бир ) бирок бул факт
24.07.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Былтыры тааныш орустар барып келишкен колго, айтат тазалык жок экен мусор ар жерде деп. Кол озу красота деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: