super.kg logo

Жылнаама, 25-июль: Мындан 34 жыл мурун советтик бард, акын жана актёр Владимир Высоцкий 42 жашында каза болгон

 
* Мындан 98 жыл мурун, 1916-жылы падышалык бийликтин аскерге алуу жарлыгы өзгөндүк калктын кескин нааразычылыгын жараткан. Аскердик чакырыкка жаалы келген калк 25-июлда колдоруна кетмен, күрөк алып, бийликтен аскерге чакырылгандардын тизмесин берүүнү талап кылышкан. Коогалаң чыккан жерге келген 15 полицай менен жазалоочу отряд аларга каршы курал колдонуп, ачык каршылашууга даабай, волосттук башчынын кеңсесине бекинүүгө мажбур болгон.
* Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы советтик бард, акын жана актёр Владимир Высоцкий 42 жашында каза болгон. Өмүр жолу оору, ичимдик, баңгизаттары менен коштолгону көп айтылган ырчы-актёрдун өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азыркыга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө "ырчы уйкуда жүрөгү кармап өлгөн" деп айтылган. 
Владимир Высоцкий 1938-жылы 25-январда Москвада төрөлгөн. Ал таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн. 1985-жылы Михаил Горбачёв бийликке келгенден көп өтпөй Высоцкийге көзү өткөндөн кийин мамлекеттик сыйлык ыйгарылган, анын пластинкалары, ыр жыйнактары чыгарылган. 1980-жылы 22-январда анын советтик телевидениедеги жалгыз интервьюсу жаздырылып, бирок ал интервью актёр каза болгондон кийин, 1987-жылы гана толук көрсөтүлгөн.
* Мындан 36 жыл мурун, 1978-жылы Англиянын Олдем шаарында жасалма уруктандыруу аркылуу бойго бүтүрүлгөн алгачкы адам төрөлгөн. 
25-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: