super.kg logo
  Саясат  

КТРКнын токмоктолгон журналисттери арызын кайтарып алышканына байланыштуу кылмыш иши сотко жетпей токтотулду

 
Кызмат милдетин аткарып жүрүп экс-депутаттын уулу тарабынан токмоктолгон КТРКнын журналисттери Бурулай Пусурманкулова жана Ширин Асанакунова айыпкерди кечирип, жазган арыздарын кайтарып алышканына байланыштуу козголгон кылмыш иши сотко жетпей токтотулду. Бул тууралуу айыпталуучу Айдин Кулбаевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди. "Жабырлануучу тарап жазган арызын кайтарып алышып, буга байланыштуу кылмыш иши дароо токтотулду" деди Айткулов. Эскертип кетсек, 7-январда Бишкектин "Ататүрк" сейил багынын аймагындагы Малдыбаев көчөсүнүн №16-үйүнүн жанынан сюжет даярдап жүргөн журналисттер А.Кулбаев тарабынан токмоктолгон болчу. Окуядан Ширин Асанакунованын баш мээси чайпалып, кылмышка шектүү жаранга "бейбашчылык", "адам денесине зыян келтирүү", "мүлктү талкалоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Сүрөттө

1.Экс-депутаттын уулу Айдин Кулбаев тарабынан токмоктолуп, бирок айыпкерди кечирип, жазган арызын кайтарып алган КТРКнын журналисттеринин бири Ширин Асанакунова.

2.Абактан бошогон Айдин Кулбаев. 

  

кошулду





КТРКнын журналистери оздорун сабаган адамды кечиришти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: