super.kg logo

“Зордуктоого аракет кылды” деп 4 жылга эркинен ажыратылган америкалыктын иши Бишкек шаардык сотунда каралат

 

Свердлов райондук соту тарабынан “кыз зордуктоого аракет кылды” деп айыпталып, 4 жылга эркинен ажыратылган “Манас” авиациялык базасынын кызматкеринин иши бүгүн, 25-июлда Бишкек шаардык сотунда каралат. 

Буга жабырлануучулардын доо арызын кайтарып алганы себеп болгон. Жабырлануучулар материалдык чыгымдар төлөнүп берилгенин жана айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айтышкан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 8-март күнү Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын кызматкери Макрэй Брендэн Корнелиус мас абалында Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынган.

Маалым болгондой, америкалык жаран Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде аталган айымга тийишип, зордуктоого аракет кылган. Андан соң ал жыныстык кызмат үчүн селкиге акча каражатын сунуштаган. Б.Жамыйла макул болбой, такси кармап, качууга аракет кылганда Брендэн Корнелиус ошол таксиге отура калган. Бийкеч айдоочудан милицияга алып барууну суранган. Такси кызматынын айдоочусу аларды Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиционерлерди чакырган. Ошол учурда америкалык жаран эки милиция кызматкери менен мушташа кетип, погондорун жулуп салган.

АКШнын жараны Брендэн Корнелиус суракка алынганда, ал 2014-жылдын 8-мартында “Бруклин” кафесинде эс алып, мас болуп калганын айтып берген. Мындан тышкары ал 1985-жылкы экени белгилүү болгон.

Свердлов райондук соту тарабынан аталган америкалык жаран “бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү мекемесине 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(9)
25.07.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
куч органдары Брендэн Корнелиус тун акчасын алыштыда анан кызды коркутуп жазган арызын кайра алдырып койушту
25.07.2014. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munar85, Туура айтасын! 100$ дан берем десе делону жаап коюшат!100%.Камаш керек ал итти!! КОРРУПЦИЯ!!
25.07.2014. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4 жылга камалса камаш керек эле демек бугун боштондукка чыгарат экенда.
25.07.2014. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
милициянын погонун жулганга 4жыл камаш керек зордуктоого аракет кылганын унутуп коюштубу соттор $коргондо.........
wwwbaxa түзөттү 25.07.2014 11:43
25.07.2014. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир байкуш кыргыз ошентткенде минимум 15жылга камамак,террористтей кылып,ай коррупция,коррупция
25.07.2014. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эгер кыргыздар Америкада ушундай кылганда барбы милициянын погонун жулуп, кыз зордуктоого аракет кылганда алар 20жыл строго камаса керек
25.07.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Башында торт жылга дегенде эле тунулгонмун. Милицияга каршылык корсотуп пагрнун жулганы учун 4 жыл зордуктоого аракет кылганы учун 10 жыл камаш керек эле караны. Ушунун ордунда бир байкуш кыргыз болгондо 10-15 беришет эле. Биздин менттерге жашылбайдан бир пачка берсе койнундагы аялында салып беришет. Акчан болсо калтанда, Каалагандай талда деген заман болуп калды КРда.
25.07.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабки американские зеленые дегенди коргондо соттордун козу чыгып кетет доллар тартылып калат козуно..
25.07.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчага сатылган иттер. Биздин соттордун кучу бир гана кедей, бечараларга жетет. Эми корунгону келип, биздин жарандарды кордоп, акчасы менен бошонуп чыгып кетет экен да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: