Апрель окуясы боюнча сот Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев жана Данияр Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратты
Курманбек Бакиев


Курманбек Бакиев

Жаныш Бакиев

Данияр Үсөнов
Бүгүн, 25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиевди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.
Автор: Мирлан Өмүралиев
Фото: Интернеттен алынды
Ал эми Мамлекеттик Күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыратып, генералдык чинин алып салды. Марат Бакиев 10 жылга кесилсе, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөновду үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратты.
Алар 2010-жылы 7-апрелде бийликке нааразы болуп чыккан элге каршы ок чыгарууга буйрук берген деп табылышты. Судья Дамир Оңолбековдун айтымында, соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Бакиевдердин күнөөсү толугу менен далилденди.
Эске салсак, мамлекеттик айыптоочулар К.Бакиевди, Ж.Бакиевди, Д.Үсөновду өмүр бою эркинен ажыратууну суранып жатышкан эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жок эле адамдарды өмүр бою эркининен ажыратып, адамдын күлкүсүн эле келтиретда.
Алып келип,бешенесине коюп алып соттосо жарашмак.
Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.