super.kg logo

Австралиялык ата-эне жалгыз кызын издөө үчүн малайзиялык Боинг учагы жарылган жерге барарын билдирди

 

Малайзиялык Боинг учагында каза болгон австралиялык кыздын ата-энеси Украинага келишти. Алар авиакырсыктан кызы тирүү калганына үмүт кылышууда. Бул тууралуу 25-июлда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Жорж менен Анжела Дайчинскийлердин жалгыз кызы Амстердамдан Куала-Лумпурга бара жаткан малайзиялык Боинг учагынын бортунда болгон. Учак Украинанын Донецк облусунда 17-июлда жарылып, учактагылардын баары көз жумушкан.

Кыздын атасы: "Биз кызыбыз тирүү деп ойлоп жүрөбүз. Ошондуктан Донецкке учуп бара жатабыз. Биз аны таап келебиз. Кызыбыз отурган креслосу менен кошо алыска ыргытылган болушу мүмкүн. Отургучу жерге түшүүсүнө жеңилдик берген. Ал эми 10 чакырым бийиктиктеги абанын температурасынын төмөндүгү жарылууда баш мээнин жабыркабашына шарт түзүшү мүмкүн. Эч ким тирүү калгандар жөнүндө сөз кылбай жатат. Бирок кырсыктан аман калгандар боюнча да далилдер бар",- деп билдирген. 

Киевге келген Фатиманын ата-энеси Донецк облусунда орун алып жаткан согуштук аракеттер боюнча тынчсызданышкан жок. 

Эске салсак, Украинада жарылган малайзиялык Боинг 777 учагында 298 адам каза тапты. Учакта Нидерландынын 192 жараны (алардын бири эки өлкөнүн: АКШ менен Нидерландынын жараны болгон), Малайзиянын - 44 (арасында 15 экипаждын мүчөсү жана 2 ымыркай), Австралиянын - 27, Индонезиянын - 12, Улуу Британиянын - 10 (алардын бири эки өлкөнүн: Улуу Британия менен Түштүк Африка Республикасынын жараны экени белгилүү болду), Бельгиянын - 4, Германиянын - 4, Филиппиндин - 3, Канаданын - 1, Жаңы Зеландиянын 1 жараны болгону аныкталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.07.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бечара ата эне, бала күйүтү жаман да, жалгыз кызы экен анүстүнө
25.07.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ылайым кудайым эч бир пендесин балам деп боздотпосун. Кызынын жайы жанната болсун, ата-энесине конул айтамын. Ошондуктан коп тороп алыш керек да жаштыгында айланайын аялзаты.
26.07.2014. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элим ошон учун айтат дааа узулбогон умут деп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: