Кыргызстандын Орусиядагы элчиси мигранттардын акча каражаттарын коргоо боюнча мыйзам чыгарууну сунуштады
Бүгүн, 25-июлда “Мекендештер-2014” форумунда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси мигранттардын акча каражаттарын коргоо боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунуштады.
Анын айтымында, чет өлкөлөрдө эмгектенген айрым кыргызстандык мигранттар мекенине акча каражаттарды жеке ишкерликти ачуу ниети менен жөнөтүшөт. “Бул акчага курулуп иштеп жаткан ишканага ондогон комиссиялар келип, “текшерүү” деген шылтоо менен пара ала беришет. Мындан улам мигранттын ишканасы өнүкпөй калат. Ошондуктан алардын инвестицияларын коргоо боюнча мыйзам чыгарыш керек”,- деди элчи.
Андан соң ал КРнын Экономика министри Темир Сариевге кайрылып, бул демилге боюнча колдоосун суранды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aseltay

25.07.2014. 17:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
двойной гражданствону киргизсенер элге аябай жакшы б-т башка олкодо калып калбай кайра келгени жол б-т
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.