Украинанын тургуну малайзиялык учакта каза болгон кыздын боёнгучун колдонуп, сүрөтүн интернетке жүктөгөнү айтылууда







Украиналык интернет колдонуучулар zolotosya деген ысымдын ээси малайзиялык учак кулаган жерден алыс эмес аймакта жашаган Екатерина Пархоменко экенин аныкташкан.
Ал эми голландиялык ММКлар каза болгон жарандардын телефонуна болгон чалууларга башка адамдар жооп берип жатышканын жазып чыгышкан. Айрым маалымат каражаттары авиакырсыкка кабылган учактын темирлери сатылып, каза болгондордун буюмдары уурдалып, жергиликтүү базарларда сатыкка чыкканын жазышууда.
Эске салсак, Украинанын Донецк облусунда 17-июлда малайзиялык Боинг 777 учагы жарылып, 298 адам каза болгон. Кырсык болгондон кийин Киев учакты Донецк облусундагы "элдик республика" орноткондор атып түшүрүштү деп билдирүү таратышса, алар 10 миң метр бийиктиктеги учакты атууга куралдары жок экенин айтып чыгышкан.

торт беш келесоо учун бир мамлекет жаман корунуп жатат.Эхх ушундай жаман нерселер болуп жатат жер которо албай калатго((((((