Чикагодо унааны айдап бара жаткандар жөө жүрүүчүлөргө ок чыгарышып, 13 жаштагы бала каза болду

Чикагодо унаада бара жаткандар көчөдөгүлөргө ок чыгарып, бир өспүрүм мүрт кетти. Ошондой эле жети адам жаракат алганын чет элдик басылмалар 26-июлда жазып чыгышты.
Окуя 25-июль күнү кечинде орун алган. Шаардагы Лексингтон-стрит жана Калифорния-авенюнун кесилишинде унаада бара жаткан белгисиз адамдар ок чыгарышып, натыйжада башына ок тийген 13 жаштагы бала көз жумду. 21 жаштагы баланын бутуна ок тийсе, дагы 14 жана 15 жаштагы өспүрүмдөр ар түрдүү жаракат алышкан. Бардык жаракат алгандар бейтапканага жеткирилди. Алардын экөөсүнүн абалы оор экени айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Болгон балеенин баары, ДИНСИЗ, карангы, сабатсыз жерлерде....