Орусия, Тажикстан, Беларусь жана Армениянын аскерлери достук машыгууларды өткөрүү үчүн Кыргызстанга келишти








Орусия Федерациясынын, Тажикстан, Беларусь жана Армения Республикаларынын аскердик контингенттери жана аскердик техникалары Кыргызстанга "Бузулбас достук-2014" аттуу машыгууга катышканы келишти. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Орусиянын тынчтыкты сактоочу аскердик контингенти өздөрүнүн аскердик техникасы менен Пишпек-1 темир жол станциясына келип түштү. “Ак-Тилек” чек ара пунктуна Казакстандын аскердик контингенти да өз аскердик техникасы менен келишти. Мындан тышкары Армения, Тажикстан жана Беларустун тынчтыкты сактоочу аскердик контингенттери Кант шаарындагы аэродромго аскер учактары менен учуп келишти.
Айта кетсек, ушул жылдын 29-июлунан 1-августуна чейин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бөлүкчөлөрүнүн “Бузулбас достук-2014” биргелешкен машыгуусу болот.

Жамандын ойу жаман демекчи. Ойунарга келгенди оттой бересинерби? ЫНТЫМАКТА болсонор!
Коомдук этикага туура келбеген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.