super.kg logo

Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуулардын алдын алуу боюнча чечим чыгарылды

 

Тажикстан Республикасынын Исфара шаарында КРнын Чек ара кызматынын башчысы Райимберди Дүйшөнбиев жана Тажикстандын УКМКсынын чек ара түзүмдөрүнүн башчысы Ражабали Рахмонали жетектеген делегациялардын жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда КРнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар 2014-жылдын 10-июлунда Баткен облусунун Тамдык айылында болгон ок атышууну жана анын себептерин талкуулашып, алдын алуу чаралары сүйлөшүлдү. Жыйынтыгында аталган окуя боюнча прокуратуралардын түзүмдөрү тарабынан тергөө жүргүзүлөрү боюнча чечим чыгарылды.

Мындан тышкары чек ара аймактарына жакын жайгашкан аскерлердин санын азайтуу маселеси каралды. Ошондой эле Тамдык (Кыргызстан) – Бедак (Тажикстан) айылдардын аймактарын коргоо боюнча чечим чыгарылды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз жана тажик тарап чек араны коргоо максатында кабарлашуу жана маалымат менен бөлүшү боюнча протоколго кол коюшту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
28.07.2014. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чек арада маселеси качан токтойт
28.07.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chek ara maselesin tezirek chechip berseninizder jakshy bolmok.
29.07.2014. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажиктер бари бир алдайтда макулдашууга кол койуп тиги жактан оздору баштайтда эч нерсени билмексен болуп тура берет а биздин чондор болсо кол койулду макулдашууга биргеликте иш албарабыз деп суйунуп кайта берет бир эмес бир канча жолу суйлошуулордон кийинда тажиктер оз билгенин кылды ушунчалык созуно турбаган калак екенго.
doni89 түзөттү 29.07.2014 07:46
29.07.2014. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чек араны жаап салыш керек ошондо чечилет
29.07.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul biylik icheerin ichti, jeerin jedi!!!
Kerek bolso Batken Eli alyp salat bul biylikti, Eldi anchalyk kordobosh kerek!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: