super.kg logo

Жылнаама, 29-июль: Мындан 11 жыл мурун драматург Бакы Өмүралиев 71 жашында каза болгон

 
* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы белгилүү драматург, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бакы Өмүралиев 71 жашында дүйнөдөн кайткан. Ал Жумгал районуна караштуу Жаңы-Арык айылында 1932-жылы туулган. Ташкенттеги Островский атындагы Театралдык институттан билим алып, Кыргыз драма театрында, "Кыргызфильм" киностудиясында, Республикалык куурчак театрында иштеп, Кыргызстан жазуучулар кошуунунда, Театр ишмерлер коомунда жооптуу кызматтарды аркалаган. Б.Өмүралиевдин "Тагдырдын өгөй балдары", "Жаңырык", "Ата сөзү – ар-намыс" жана башка ондогон драмалык чыгармалары Кыргызстандагы бардык театрларда коюлган.
* Мындан 43 жыл мурун, 1971-жылы Орусиянын “Пионер-11” спутниктик аппараты алгачкы ирет Сатурндун шакекчелерин сүрөткө тарткан. 
* Мындан 40 жыл мурун, 1974-жылы Советтер Союзунун КГБсынын төрагасы Юрий Владимирович Андроповдун буйругу менен террорчуларга каршы күрөшүү үчүн "Альфа" тобу уюшулган.
29-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар. 

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: