super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысын кабыл алды

 

Бүгүн, 29-июлда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжаны кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун ишмердигинин маселелери, тактап айтканда, регионалдык коопсуздукту камсыз кылууда өз ара аракеттенишүүнүн түрдүү аспектилери талкууланды.

Президент Алмазбек Атамбаев менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун тынчтык орнотуучу күчтөрү менен бирдикте өткөрүлүп жаткан «Ажырагыс боордоштук – 2014» окууларын талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: