Таластагы 4 жоокер качып кеткен “Арал” чек ара тозотунун зардалы убактылуу кызматынан бошотулду
Таластагы 4 жоокер качып кеткен “Арал” чек ара тозотунун зардалы кызматынан убактылуу бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда SUPER.KG порталына Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева билдирди.
Анын айтымында, жоокерлердин аскер бөлүгүн таштап, куралчан качып кеткендиги боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Буга байланыштуу Таластагы “Арал” чек ара тозотунун зардалы Улан Сандыбаев убактылуу ээлеген кызматынан бошотулган.
Эске сала кетсек, 26-июлдан 27-июлга караган түнү Таластагы чек ара отрядынан 4 жоокер куралчан качып кетишкен. Издөө иштерине тийиштүү органдар тартылып, алар кармалган. Учурда окуянын себептери аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.