Жылнаама, 30-июль: Мындан 30 жыл мурун Америкада NBC каналында «Санта-Барбара» сериалы көрсөтүлө баштаган

* Мындан 75 жыл мурун, 1939-жылы Кыргыз ССР Элдик комиссарлар кеңеши менен Кыргызстан КП (б) Борбордук комитетинин "Кант-Рыбачье багытында темир жол куруу" туурасындагы токтому жарык көргөн. Темир жол курулушуна 150 коммунист менен 3 миң комсомолду мобилизациялоо каралган. Кыргыз ССР ички иштер элдик комиссары Абушенко да курулуш ишине эркинен ажыратылган адамдар менен жардам берүүгө даяр экендигин билдирген.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы
* Мындан 30 жыл мурун, 1984-жылы Америкада NBC телеканалында «Санта-Барбара» сериалы көрсөтүлө баштаган. Сериал 1993-жылдын 15-январына чейин көрсөтүлүп, жалпысынан 2137 серия тартылган. Дүйнө эли кызыгуу менен көргөн сериалдын Америкадагы рейтинги салыштырмалуу төмөн болгон. 1980-жылдардын аягында өлкөдөгү эң белгилүү долбоорлордун тизмесинде онунчу орунда турган. 30дан ашуун өлкөдө ретрансляция аркылуу көрсөтүлгөн.
* Мындан 43 жыл мурун, 1971-жылы Япониянын Иватэ префектурасынын аймагында Боинг 727-281Adv лайнери менен F-86F истребители абада кагылышкан. Кырсыктан 162 киши көз жумган.
30-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.