super.kg logo

Ысык-Көл. 32 жаштагы айымды шымына муунтуп өлтүргөн жарандын Жети-Өгүздөгү студент кыздын өлүмүнө тиешеси жок экендиги аныкталды

 

Ак-Суу районунда 32 жаштагы айымды шымына муунтуп өлтүргөн жарандын Жети-Өгүз районундагы студент кыздын өлүмүнө тиешеси жок экендиги аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен бүгүн, 30-июлда кабарлашты.

Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунун Челпек айылынын айланасындагы чычырканактын арасынан 32 жаштагы айымдын жерге көмүлгөн жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун Бурма-Суу айылынын А.Кудайбергенов аттуу тургуну кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, 32 жаштагы айылдаш айымды анын өзүнүн шымы менен муунтуп өлтүргөнүн айткан.

Ал эми буга чейин 7-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы талаадан зордукталып, өзүнүн кийип жүргөн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн 17 жаштагы студент кыздын сөөгү табылган.

Кылмышты жасоо ыкмалары окшош болгондуктан, жогорудагы шектүү делип жаткан А.Кудайбергеновдун Жети-Өгүз районунда табылган студент кыздын өлүмүнө да тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги айтылган.

Бирок иликтөөдө А.Кудайбергеновдун Жети-Өгүздө шымына муунтулуп өлтүрүлгөн кыз боюнча кылмышка тиешеси жок экендиги аныкталды.

Ысык-Көл ОИИБиндеги өздүк булактарыбыздын айтымында, 17 жаштагы студент кызды бир адам эмес, бир нече адам зордуктап, өлтүрүшкөн. Ал кылмыш боюнча негизги 2 шектүү адам бар. Учурда бул боюнча иликтөө жүрүп жатат. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн фактылар азырынча ачыкка чыгарылбай турганы айтылды. 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oi toobo emne degen wumduktuu((
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: