Жылнаама, 31-июль: Мындан 10 жыл мурун коомдук-саясий ишмер Абсамат Масалиев 71 жашында каза болгон

* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы советтик жана кыргызстандык коомдук-саясий ишмер, Кыргыз ССРинин Борбордук комитетинин 1-катчысы, КРнын Баатыры Абсамат Масалиев жүрөк оорусунан 71 жашында дүйнөдөн кайткан.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын Коммунисттик партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. 1985-жылдан тартып Кыргызстандын Коммунисттик партиясын жетектеген Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салым кошкон. Ал СССР Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты. Октябрь революциясы, 2 Эмгек Кызыл-Туу, II даражадагы Манас ордендери жана медалдар менен сыйланган.


31-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.