Эртең Бишкек шаарынын айрым аймактарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери уланат
Эртең, 31-июлда Бишкек шаарынын айрым аймактарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери уланат. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы бүгүн, 30-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, 31-июлда саат 09:00дөн 17:00гө чейин шаардагы Муса Жалил, Курманжан датка, Садовая, Малышев көчөлөрүндө жана Арча-Бешик, Калыс-Ордо конуштарында "акылдуу" эсептегичтер орнотулат. Буга байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.