super.kg logo

Бишкектеги Спорт Ордосунун жанында жардыруу уюштурган “Жайшуль Махди Кыргызстан жамааты” террордук уюму боюнча сот отуруму 12-августта болот

 

Бишкектеги Спорт Ордосунун жанында жардыруу уюштурган “Жайшуль Махди Кыргызстан жамааты” террордук уюму боюнча сот отуруму 12-августта болот. Бул тууралуу Жогорку Соттон бүгүн, 31-июлда маалымдашты.

Эске салсак, Бишкектин Октябрь райондук соту "Жайшуль Махди Кыргызстан жамааты" террордук уюмунун 3 айыпталуучусун өмүр бою эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Өмүр бою эркинен ажыратылган Эдил Абдрахманов, Бакыт Кенжегулов жана Данияр Кадыралиев түзөтүү колониясында күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөшүп, мүлктөрү конфискацияланат. Аталган 3 жаран жана башкалар 2010-жылдын 9-сентябрында Бишкектеги синагогдор үйүнүн жанындагы жардырууга, 2010-жылдын 30-ноябрындагы Спорт Ордосунун имаратынын жанындагы жардырууга, Токмок шаарындагы 2 жардырууга жана башка оор кылмыштарга катыштыгы бар деп айыпталышкан. Бул иште жалпы 13 адам күнөөлүү деп табылган. Акбарали Хатамов, Муратбек Дөөлөтказиев, Турдубек уулу Руслан жана Сайитжафар Асиров 23 жылга кесилген. Ал эми Ийгилик Усекеев менен Маратбек Чекирокоев 22 жылга эркинен ажыратылышкан. Мындан сырткары айыпталуучу Айбек Коргонбеков 8 жылга, Кубанычбек Медетбеков 7 жылга, Дүйшөнбек Турдалиев, Дамирбек Батырбашев 4 жылга кесилип, үй мүлкү конфискацияланган.

Аталган террордук уюм боюнча сот иши ушул жылдын 12-августунда экинчи инстанцияда каралары белгилүү болду.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2014. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sa9g_90 - 3 күнгө БАН!
Провокация жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: