Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринин кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине жогорку окуу жайлардын биринин студенти кайрылган. Анда ал окуу жайдын кафедра башчысы “сессияңды бүтүрүп, башка окуу жайга которулганга жардам берем” деп 25 миң сом акча талап кылып жатканын айткан. Бул боюнча атайын иш-чаралар көрүлүп, кафедра башчысы пара алып жаткан жеринен өз кызматтык бөлмөсүндө кармалды. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
0

Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
Бул кабар Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы берген маалыматы боюнча жазылган.
Айрым учурларда кылмыш иши козголгон соң, иликтөө амалдары бүткүчө тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кылмышка шектүүнүн аты-жөнү ачыкка чыгарылбайт.