Бишкек шаарында жумушка чыкпай коюшкан маршруттук таксилердин айдоочуларына жана жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди
28-29-июль күндөрү Бишкек шаарында жумушка чыкпай коюшкан маршруттук таксилердин айдоочуларына жана жетекчилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов бүгүн, 31-июлда билдирди.
Анын айтымында, эч ким кармалган эмес. Айдоочулардын баарына бул маселелерди мыйзамдуу жол менен гана чечиш керек экендиги түшүндүрүлгөн.
Айта кетсек, 28-29-июль күндөрү Бишкек шаарындагы көпчүлүк каттамдагы маршруттук таксилердин айдоочулары жумушка чыгышкан эмес. Алар күйүүчү майдын кымбат болуп жатканын айтышып, жол кире акысын көтөрүүнү талап кылышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:41
2025-06-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.