super.kg logo

“Зордуктоого аракет кылды” деп 4 жылга эркинен ажыратылган америкалыктын иши 27-августта каралат

 

"Кыргыз кызды зордуктоого аракет кылган" деп айыпталып 4 жылга эркинен ажыратылган америкалык жаран боюнча сот отуруму 27-августта улантылат. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы бүгүн, 31-июлда кабарлады.

Сот ишинин кайра жанданышына жабырлануучунун доо арызын кайтарып алганы себеп болгон. Жабырлануучу материалдык чыгымдар төлөнүп берилгенин жана айыпталуучуга эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Эске салсак, 8-март күнү Кыргызстандагы АКШнын “Манас” авиациялык базасынын кызматкери Макрэй Брендэн Корнелиус мас абалында Б.Жамыйла аттуу бийкечти зордуктоого аракет кылып, камакка алынган.

Маалым болгондой, америкалык жаран Шопоков-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде аталган айымга тийишип, зордуктоого аракет кылган. Андан соң ал жыныстык кызмат үчүн селкиге акча каражатын сунуштаган. Б.Жамыйла макул болбой, такси кармап, качууга аракет кылганда Брендэн Корнелиус ошол таксиге отура калган. Бийкеч айдоочудан милицияга алып барууну суранган. Такси кызматынын айдоочусу аларды Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмүнө алып келип, милиционерлерди чакырган. Ошол учурда америкалык жаран эки милиция кызматкери менен мушташа кетип, погондорун жулуп салган.

АКШнын жараны Брендэн Корнелиус суракка алынганда, ал 2014-жылдын 8-мартында “Бруклин” кафесинде эс алып, мас болуп калганын айтып берген. Мындан тышкары ал 1985-жылкы экени белгилүү болгон.

Свердлов райондук соту тарабынан аталган америкалык жаран “бейбаштык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, күчөтүлгөн режимдеги түзөтүү мекемесине 4 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
31.07.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тушунуктуу долларын сол чонтоко толтурдук деп ачык эле айтсанар болмок.Милицияга кол салганы унтулду го
31.07.2014. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул негрдин эмне козун жаап койгонсунар? Ачык корсотсонор болбойбу?
02.08.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге 4жылга эле зоордуктого аракет жасаганы жана ошондой эле мамлекеттик органдарга кол которгону минимум 8жыл берилиш керек эле пара алганды коюп закондуу ьтуура колдонгулачы урматтуу соттор
03.08.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаманды коногу бийлейт дегендей кылбай. Отургузкула 5-10-жылга эсине келсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: