super.kg logo
  Саясат  

Министр: “Электр энергия багытында 10 жыл мурун пландап иш кылганыбызда мындай кырдаал түзүлмөк эмес”

 

Бүгүн, 31-июлдагы коллегиялык жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев: “Электр энергия багытында 10 жыл мурун пландап иш кылганыбызда мындай кырдаал түзүлмөк эмес”,- деди. 

Суунун тартыштыгына байланыштуу тажик тараптан 500 миллион кВт саат энергияны алууга жетиштик. Биз аларга 250 миллион көлөмүндө суу беребиз. Ал эми сугат учуру келгенде токтотуп турабыз. Айтылган сууну берүүгө кийинки жылдын февраль айынан апрелге чейин мүмкүнчүлүк болот. Бирок энергиянын шартына жараша беребиз. Эгерде кийинки жылы да аз болсо, ушул эле негизде иштейбиз”,- деди министр.  

Ошондой эле Артыкбаев: “Директорлор кеңеши менен келишим түзөбүз. Ошентип биз башкаруу тартибин жакшыртабыз. Жакшы жыйынтыкка жетишиш үчүн биргеликте жакшы иш аткарууңуздар зарыл. Бишкекте эл энергияны максималдуу колдонгон учурда маселе жаралбашы керек. Ал үчүн биз ага даяр болушубуз шарт”,- деп кошумчалады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: