“Азия MIX” жана “Тамашоу” командалары Сочи шаарында өтүп жаткан “КиВиН-2013” фестивалында өнөрлөрүн тартуулашты
Кыргызстандын “Азия MIX” жана “Тамашоу” КВН командалары Орусиянын Сочи шаарында өтүп жаткан “КиВиН-2013” фестивалына катышып, өнөрлөрүн тартуулашты. Учурда бул командалар калыстар тобунун чечимин күтүүдө. Калыстар жакшы баа бере турган болсо, алар 2-айлампага өтүшөт. Андан соң 2-айлампанын жыйынтыгы менен командаларды Эл аралык КВН биримдигинин лигасына расмий түрдө бөлүштүрүү жөрөлгөсү болот. Эске сала кетсек, “Азия MIX” командасы Беларусь өлкөсүнүн борбору Минск шаарында өткөн КВНдин биринчи лигасынын чемпиону, ал эми “Тамашоу” командасы Казакстандын Астана шаарында өткөн КВНдин Орто Азия лигасынын жеңүүчүсү болгон.
"Тамашоу" курама командасы Сочиде!
КиВиН-2013: «Азия Микс» Сочиде
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
3

жигит