super.kg logo

"Ак-Бата жана Арча-Бешик конуштары Бишкекке да, Чүй облусуна да кирбей, анклав болуп саналууда” дейт Таалайбек Нурбашев

 

Ак-Бата конушу жана Арча-Бешик конушунун бөлүгү Бишкек шаарына да, Чүй облусуна да кирбей, анклав болуп саналууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта КРнын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын коллегиясында аталган инспекциянын башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

Анын айтымында, аталган конуштарда мыйзамсыз үйлөр салынып калган. “Бул курулуштардын жарымын бузуш керек, жарымын мыйзамдаштырыш керек. Бул тууралуу бир топ материалдарды өкмөткө тапшырганбыз”,- деди ал.

Айта кетсек, бүгүн аталган коллегияда Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын 2014-жылдын 1-жарым жылдыгында жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгы жана аны көзөмөлдөө функцияларынын натыйжалуулугун жогорулатуудагы көйгөйлөрү талкууланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.08.2014. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсыздарбы,кайсы болгун бузуш керек да кайсы болугун мыйзамдаштырыш керек?сураныч тактап бергилечи!
01.08.2014. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аиии. Мен Эми уйду салып салбадымбы, э Эми эмне болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: