“Жибек Жолу көчөсүндө 22 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн” деп шектелип Кара-Балта шаарынын тургуну кармалды




“Жибек Жолу көчөсүндө 22 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөн” деп шектелип Кара-Балта шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы бүгүн, 1-августта билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектелип кармалган жаран 21 жаштагы Кара-Балта шаарынын М.Азамат аттуу тургуну болгон. Ал окуя болгон күнү өлтүрүлгөн кыз менен сыра ичип, анан аны зордуктап, таш менен чаап салган.
Эске салсак, Жибек Жолу жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөн айымдын жансыз денеси табылган. Болжол менен 20-25 жаштардагы кыздын жансыз денесин 24-июлда эң алгач таңкы саат 5:00 чамасында ошол аймакты тазалап иштеген адам көрүп, милицияга кабар берген.
Белгилүү болгондой, кылмышкерлер кыздын жансыз денесин Жибек Жолу көчөсүндөгү эки тараптуу жолдун дал ортосуна таштап кетишкен.
“22 жаштагы кызды зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрдү” деп шектелген жаран күнөөсүн мойнуна алды



Провокация жарата турган, кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрду калтырууга тыюу салынат.
Преступление совершается "по пьяни" за считанные минуты, а отвечать и сидеть приходится долгие годы.