Максуда Айтиева ЭлТРдин башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Бүгүн, 1-августта Айтиева Максуда Жанибековна Кыргыз Республикасынын «ЭлТР - коомдук телекөрсөтүүсү» телерадиоберүү компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
2013-жылдын ноябрь айында бул кызматка Султанбек Жумагулов дайындалып, кечээ, 31-июлда анын башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ЭлТРдин башкы директорунун милдеттерин аткаруудан бошотулган.
Максуда Айтиева 1993-жылы Ош мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетин бүтүргөн. Телеберүү жаатында "Криминал" аналитикалык берүүсүнүн автору жана алып баруучусу болуп иштеген. 2000-жылы Баткен шаарында "Салам" радиосун негиздеген. Ош жана Баткен шаарларындагы жаш кабарчылар клубунун жетекчиси. 2006-жылдан баштап Оштогу медиаборборду жетектеп келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















