super.kg logo
  Саясат  

Каныбек Иманалиев: "Корея менен Кыргызстандын ортосундагы соода байланыштарынын көлөмү канааттандырбайт"

 

Бүгүн, 1-августта Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиев Түштүк Кореянын Улуттук Ассамблеясынын депутаты Чой Чжэ Сонг баштаган делегацияны кабыл алды. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Корея делегациясы менен болгон жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, маданий кызматташтык, парламенттер аралык байланыштар туурасында кеңири сөз болду.

Эл аралык иштер боюнча комитеттин төрагасы Каныбек Иманалиевдин айтымында, Корея менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштардын көлөмү анча канааттандырбайт. Андыктан Кыргызстандын инвестициялык кызыкчылык туудурган тармактары боюнча кызматташуунун мүмкүнчүлүгү кеңири. Ал үчүн президент А.Атамбаевдин, Жогорку Кеңештин төрагасы А.Жээнбековдун Кореяга болгон иш-сапарлары учурунда кол коюлган келишимдик база жетиштүү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Чой Чжэ Сонг Кореянын Экспорт-импорт банкы Кыргызстанга кредиттик каражат бөлүп жатканын маалымдап, аларды Кыргызстандын суу ресурстары боюнча потенциалы, башка инвестициялык кызыкчылык туудурган тармактары, жаңы технологияларды киргизүү багытындагы иштер кызыктырып жатканын айтты. Ошондой эле кыргыз тилинде корей эл жомоктору басылып чыкканына токтолуп, “Жылына он-он бештен мына ушундай ар кандай тематикадагы китептер басылып отуруп, жакынкы 3-4 жылда 100 китеп жарык көрөт”,- деди ал. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: