super.kg logo

Жалал-Абад милициясында мурда соттолгон жарандын иштеп келгени аныкталды

 

Жалал-Абад шаарындагы милиция бөлүмүндө мурда соттолгон жарандын иштеп келгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта КРнын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарында иштеп келген Ж.Б.У. аттуу жаран 2005-жылы Жалал-Абадда 3 жашар кызды унаа менен сүзүп кеткен. Кырсыктан улам кыз мүрт кетип, факты боюнча “транспорттук унааны эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында айыпталуучу 2 жылга шарттуу түрдө эркиндигинен ажыратылган. Буга карабастан, ал Ош ШИИБинин Жол-кайгуул кызматына ишке алынганы белгилүү болду.

Аталган факты боюнча 2014-жылдын 11-июлунда УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.08.2014. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурун соттолуп камалып келгендер мамлекеттик ишканада начальник, зам болуп иштегендер копко деп ойлой
01.08.2014. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулов деле отуруп чыкканго
02.08.2014. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мурда камалган деп мамлекет жумушка албаса дагы кылмыш кылып камалыш керекби анда
03.08.2014. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhalynbek, ошол жумушка албоо беренесин одоно бузгандыгы учун ошол жумушка алгандар менен жумушка орношкон жаранга чара корулуш керек да мыйзамды бузганы учун. Болбосо бут зектер мамлекетти башкарып калышат, хотя азыр да башкарып кылы кыйшайбаган доо-шаалар коп, айырмасы сот аларды "актап" чыкканында...
03.08.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менттеринен зектер коп деген ушул. Адамды олтуро сузсо аны шарттуу турдо 2-жылга кесип койсо. Ал аз келгенсип майиге ишке алса ээхх айла жок акчанын кучуно тан бересин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: