Бүгүн Бишкекте 1916-жылы улуттук боштондук үчүн курман болгондордун элесине арналган митинг-реквием өттү






Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарында 1916-жылы улуттук боштондук үчүн курман болгондордун элесине арналган митинг-реквием өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Октябрь районунун ардагерлер кеңешинин, “Кайран эл” коомдук уюмунун өкүлдөрү, жарандык активисттер жана шаардын тургундары катышышты. Алар 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн эстелигине гүл коюшту.
Айта кетсек, Кыргызстанда ар августтун биринчи аптасында 1916-жылы курман болгондорду эскерүү күнү белгиленери тууралуу Жогорку Кеңеш токтом чыгарган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.