super.kg logo
  Саясат  

Иса Өмүркулов: "Мага карата козголгон кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок экенин башынан эле билгем"

 

Экс-мэр Иса Өмүркулов “мага карата козголгон кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок экенин башынан эле билгем” дейт. Ошондой эле ал журналисттердин “Сизге негизсиз кылмыш ишин козгогону боюнча прокуратурага кандайдыр бир чара колдоносузбу?” деген суроолоруна “мен кекчил эмесмин” деди. Ал эми “Саясатка кайтып келесизби?” деген суроого “билбейм” деп жооп берди.

Бүгүн, 1-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда экс-мэр Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлеринин иши боюнча сот отуруму болгон. Анда соттук коллегия "алардын ишинде кылмыштын курамы жок" деген жыйынтыкка келип, бардык беренелер боюнча актады.

Эске сала кетсек, И.Өмүркуловго кылмыш иши 2013-жылдын 2-декабрында козголуп, 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Экс-мэр Өмүркулов жана мэриянын кызматкерлери ДүйшөнбиевТезекбаевАбдыкаровКадырмамбетов "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталышкан. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: