Жылнаама, 3-август: Мындан 6 жыл мурун чындыкты жазып камалып, куугунтукталып келген жазуучу Александр Солженицын 90 жаш курагында каза болгон

* Мындан 138 жыл мурун, 1876-жылы Чоң-Алай жана Кичи-Алайды жердеген адигине жана мунгуш уруулары 1876-жылдын июль айында орус бийлигине моюн сунган. Фергана аскер губернатору, генерал-майор М.Д.Скобелев ошол эле жылдын 3-августунда аларга төмөнкүдөй үч талап койгон: 1) 6 рубль көлөмдөгү бир жарым эселик зекет төлөө; 2) Талдык ашуусу аркылуу Гүлчөдөн Кызыл-Суу өрөөнүнө чейин таш жол салуу; 3) Аскер муктаждыгы үчүн 150 жылкы берүү. Орус бийлиги койгон талап алайлык кыргыздар тарабынан толугу менен аткарылган.
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы орус жазуучусу, дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгынын ээси Александр Солженицын дүйнөдөн өткөн. Алп жазуучунун чыгармачылыгынын башкы өзгөчөлүгү советтик тоталитардык түзүлүштүн көлөкө жактарын жалпы коомчулукка бурмалабай алып чыккандыгында болгон.
кошулду
Автор: Айпери Ганыжан кызы

Александр Солженицын 1918-жылы 11-декабрда Орусиянын Кисловодск шаарында казактын үй-бүлөсүндө туулган. 1945-жылы Сталинди сындагандыгы үчүн 8 жылга камалган. Анын дүйнөлүк "Нобель" сыйлыгын алышына да жазуучунун өз чыгармаларында советтик коомду сынга алгандыгы себеп болгон деген пикирлер айтылып келет. Александр Солженицын социалисттик реализмдин идеяларын сындап жазганы үчүн Кремлден куугунтук жеген. Ошол социалисттик реализмдин көлөкө жактарын чагылдырган “Иван Денисовичтин бир күнү” повести үчүн "Нобель" сыйлыгына ээ болгон.
* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы Марокконун Агадир шаарынын аэропортуна конордо Боинг-707-321С учагы тоого урунуп, учактагы 188 кишинин баары каза болгон.
3-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:14
2022-10-25
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ayakosya

03.08.2014. 09:38
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш жакшы адам эле
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.