super.kg logo
  Саясат  

Нарын. Ноябрдан тарта пенсиялык төлөм көбөйөт

 

24-октябрь күнү Нарын шаарында аксакалдардын башын бириктирген чогулуш болуп өттү. Нарын облустук Социалдык фонду уюштурган чогулушта аксакалдарга атайын дасторкон жайылып, концерттик программалар даярдалды. Жыйында Нарын облусунун губернатору Канатбек Муратбеков, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев, шаардык жана райондук Кеңештин төрагалары сүйлөштү. КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев жалпы карыларды майрамы менен куттуктап, "президентибиз 2012-жылды - Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялап, октябрды толугу менен Карылар айы деп белгилеген. Биздин милдет - социалдык төлөмдөрдүн негизинде кары-картаңдардын пенсиялык төлөмдөрүн көбөйтүү жана ага тиешелүү каражаттар менен камсыз кылуу болуп саналат. Быйыл пенсиялык системди реформалап, мурункудай пайыз менен кошпой, аз өлчөмдөгү пенсия менен камсыз болгон жарандарга көбүрөөк кошумча кошууну киргиздик. Пенсиялык төлөм орто эсептөөлөр боюнча эң аз деген сумма 450 сомду түзсө, эң көп дегени 1500 сом болот" деди






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: