super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте бокс боюнча улуттук курама командалар арасында мелдеш өтүүдө (фоторепортаж)

 
Бүгүн, 2-августта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Сарайында бокс боюнча улуттук курама командалар аралык мелдеш өтүүдө.
Мелдешке 4 мамлекет: Кыргызстан, Орусия, Кытай, Түркмөнстандын боксчулары 10 салмактык бөлүктө (49 кг, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91, 91 килограммдан жогорку салмакта) катышууда.
Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы жана анын машыктыруучусу Адылхан Бекболотов
Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы
Иш-чаранын ачылыш аземинде сүйлөгөн КРнын Бокс федерациясынын башчысы Абдыбакыт Халмурзаевдин айтымында, аталган мелдеш кыргызстандык мушкерлер үчүн сентябрь-октябрь айларында Түштүк Кореяда өтүүчү Азия оюндарынын алдында чоң тажрыйба болот. "Биздин боксчулар спорт аркылуу эл аралык достукту бекемдеп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык",- деди ал.
Бул кыздар КРнын Мамлекеттик Гимнин ырдап бокс боюнча мелдешти ачышты.
Бокс боюнча мелдештин жүрүшүнөн
Бокс боюнча мелдештин жүрүшүнөн
Бокс боюнча мелдештин жүрүшүнөн

Бүгүн, 2-августта Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Сарайында бокс боюнча улуттук курама командалар арасында мелдеш өтүүдө. Анда Кыргызстан, Орусия, Кытай, Түркмөнстандын боксчулары 10 салмактык бөлүктө (49 кг, 52, 56, 60, 64, 69, 75, 81, 91, 91 килограммдан жогорку салмакта) катышууда.

Алдын ала ташталган чүчү кулактын негизинде Орусия курама командасы менен Кытай курамасы кез келип, командалык эсепте уткан команда финалдык жолдомонун ээси болот. Ал эми он мушкерден турган Кыргызстан курама командасы финалга чыгуу үчүн Түркмөнстан менен кез келет. Финалдык беттештер эртең, 3-августта саат 14:00дө башталат.

Иш-чаранын ачылыш аземинде сүйлөгөн КРнын Бокс федерациясынын башчысы Абдыбакыт Халмурзаевдин айтымында, аталган мелдеш кыргызстандык мушкерлер үчүн сентябрь-октябрь айларында Түштүк Кореяда өтүүчү Азия оюндарынын алдында чоң тажрыйба болот. "Биздин боксчулар спорт аркылуу эл аралык достукту бекемдеп жаткандыгы биз үчүн чоң сыймык",- деди ал.

Дүйнөнүн бокс боюнча 7 жолку чемпиону Орзубек Назаров "бокс аянтчасында катуу мушташтардан кийин ысык саламдашуулар болсун" деп мелдештин катышуучуларына ийгилик каалады.

Футбол боюнча белгилүү кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаров мелдештин калыстарына ийгиликтүү ишти каалап, "күйөрмандар бул спорт түрүнөн рахат алып, жакшы маанайда кетишсин" деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.08.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга кыргыз алга мен силердин женишинерге ишенем ийгилик силерге
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: